16.04.2018 17:10

Күзгө чейин Ош шаарында 150 адамдык жаңы оорукана бейтаптарды кабыл алып баштайт

Күзгө чейин Ош шаарында 150 адамдык жаңы оорукана бейтаптарды кабыл алып баштайт

Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда салынып жаткан жаңы шаардык клиникалык оорукананын курулушу 95 пайызга бүтүп калды. Бул туурасында Саламаттыктык сактоо министрлиги билдирет.

150 адамга эсептелген оорукана кытай грантынын эсебинен курулууда.   Аталган оорукананын башчысы Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, бардык иштер мөөнөтүндө жүрүүдө, кечигүүлөр жок.

«Бугүнкү күндө ички жасалга иштери жүрүүдө, калган иштердин баары бүттү. Июнь айында керектүү жабдыктар алынып келинери жана аларды орнотуу күтүлүүдө. Жай мезгили бүткүчө оорукана ишке кирет деген ойдобуз », - деп билдирди Шаятбек Абдурахманов.